Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейине  жаӊы директор дайындалды

Автор -

Джангарачева Мира Камилевна Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дайындоо жөнүндөгү буйрукту Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Өмүр баяны:

Джангарачева Мира Камилевна 1952- жылы туулган. Билими жогорку.

Кыргыз Мамлекеттик университети. Тарых факультети. Тарых жана социалдык илимдер мугалими (1969- 1974)
Москва Мамлекеттик университети. Философия илимдеринин кандидаты, доцент (1978- 1981).

Иш тажрыйбасы:

2000 2015 – ж.ж. – ПРООН программасынын социалдык маселелер боюнча менеджери (маданият жана билим берүү);
1999- 2000 ж.ж. – Чүй облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары;
1998- 1999 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри;
1997-1998 – ж.ж. – КРнын Президентинин Аппаратынын Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
1996-1997 –ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер- министри (социалдык саясат боюнча);
1995-1996- ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
1992-1995- ж.ж. – Бишкек шаарынын Вице – мэри (социалдык маселелер боюнча);
1974- 1992 –ж.ж. Фрунзе Политехникалык институтун аяктаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү