Масалиев: Тѳрага Дастан Жумабековду тергѳѳ органдары суракка алыш керек

Автор -
514

— Экс-президент Атамбаевдин алты жылдык бийлигинин учурунда узурпация элементтери байкалды беле жана алар кайсылар дейсиз?

Мен үчүн байкалды. ТЭЦти реабилитация кылуу боюнча ал аппарат менен кошо түздѳн-түз долбоорлук иштерге аралашкан. Бул негизи аткаруу бийлигинин (ѳкмѳттүн) милдети. Ошондуктан, мунусу узурпацияга, кийлигишкендикке кирет. Экинчиден, коррупция менен күрѳш кызматын (АКС) атайын жарлыгы менен түздү. Ал мыйзамга дал келбейт. Себеби, ал мамлекеттик органдарды түзѳ албайт. Ал бир гана ѳзүнѳ тийиштүү органдардын ичиндеги структурасын бекитсе, башка кеп. Ал эми тергѳѳ органдарын түзгѳнү мыйзамсыз болгонун мен ошондо эле айткам. Аны кийин болсо да мыйзам менен тактап койсок жакшы болмок. Азырга чейин ошол жарлыктын негизинде иштеп келатат.

-А эмнеге узурпация боюнча айып 9 пунктка кирген жок?

-«Узурпациянын белгиси бар» деп мен айтып жатам. Мен комиссиянын мүчѳсү эмесмин. Бирок, узурпация деген кылмышты такташ ѳтѳ оор. Ошондуктан, бүгүнкү күндѳ бакыйып кѳрүнүп турган кылмыштын аракеттеринде айтылып жатат. Ал эми тергѳѳ болгондо балким узурпация кошулуп кетиши мүмкүн, дагы башка айыптар кошулуп, же алынып, азайышы мүмкүн. Муну тергѳѳчүлѳр карайт.

— Жерлерди мыйзамсыз бергендиги боюнча кылмыштары айып катары кирбей калганы да айтылууда.

— Чынын айтканда, мындай маселелер кѳтѳрүлгѳндѳ, кѳптѳгѳн суроолор, талаштар пайда болот. Баары тергѳѳ органдарына берилип. А Жогорку Кеңеш бир гана кадам жасоого тийиш, кол тийбестикти алып салат, болду. Анан жанагындай кылмыштарын билгендер,тергѳѳгѳ катышып, кѳрсѳтмѳ бериш керек. Мисалы, тѳрагабыз Дастан Жумабеков трибунага чыгып, Атамбаев «5 миң адам чыгарам, бийликти алмаштырам» дегенин айтты. Бул түздѳн-түз кылмыштын аракети, белгиси. Андыктан, Дастан Жумабековду тергѳѳ органдары чакырып, суракка алыш керек. «Сиз айттыңыз, ошону далилдеп бериңиз» деп. Себеби, биз Атамбаевдин учурунда эң кыйшык жолго кеткенбиз. Бир адамдын кѳрсѳтмѳсү менен жоопко тартылган учурда жашадык. Эмне, Атамбаевдин ѳзүнѳ келгенде башкача болуп калыш керекпи? Ошондуктан, мен айтам, спикерди сѳзсүз чакырыш керек. Эгер ал «чын, мен уккам» десе, анда ал сотко бериш керек.

Булак: «Азия news» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.