22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

22-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30,

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.