Балыкчыда батуттан кулап түшкөн 3 жаштагы наристе чарчап калды

Автор -
223

Балыкчыда батуттан кулап, ооруканага түшкөн 3 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда дарыланып жаткан. Тилекке каршы, 19-июнда кечки саат 9дар чамасында чарчап калган.

Белгилей кетсек, Балыкчыда катуу шамалдын айынан батут оодарылып, анда 8 бала жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. Анын бирөөсү баш мээсинен катуу жаракат алып, комада жаткан болчу.

Бөлүшүү