26-июнда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Бишкекте 26-июнда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.