Интернет тармагында жаш кыздын сууга агып кеткен видеосу тарады. Ал шар аккан суунун үстүндөгү устунга туруп, өзгөчө көнүгүү менен видеого тартылып жаткан. Тасмадан кыздын жанында эч ким жок экендигин байкоого болот.
Видеонун автору качан, ким экендигин жазган эмес.
Белгилей кетсек, 23-июнда эс алып жүргөн 16 жаштагы кыз Аламүдүн суусуна агып кетип, кечээ, 24-июнда сөөгү табылган болчу.