Нарын облусунда бүгүндөн баштап, коменданттык саат киргизилет. Бул туурасында April.kg порталына Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, коменданттык саат 25-июндан 27-июнга чейин жүрөт. Шаардын Чыгыш, Батыш аймактарына тосмолор (блок-посттор) коюлат. 27-июнга караган түнү шаар ичин түнкү кайгуул кызматы көзөмөлдөйт. Облус тургундарына саат 18:00дөн эртең мененки 8:00гө чейин үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат.
[ads-quote-center cite=’дешти обладминистрациядан.’]«Бул «Коопсуздук-2019» республикалык командалык окуу-машыгуу иш-чарасын өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык баш-аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналат»[/ads-quote-center]Эскерте кетсек, былтыр дал ушундай иш-чарасы Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн.