Сирияга кеткен кыргыздар жасалма документтер менен кайтууга умтулууда

Автор -
383

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын арасында мекенине башка өлкөлөр аркылуу жасалма документтер менен кайтууга аракеттенгендер бар.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кечээ, 25-июнда Бишкекте өтүп жаткан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин үчүнчү антитеррордук форумунда билдирди.

Анын айтымында, Сирияга барып, бирок ал жактагы согуштан көңүлү калган кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жасалма документтер менен артка кайтып келүүгө умтулуп жатышат.

Форум «Евразия мейкиндигинде натыйжалуу коопсуздук архитектурасын түзүү: террорчулук менен экстремизмге чогуу жооп кайтаруу» деп аталат. Ага Дамир Сагынбаевден башка парламенттин айрым депутаттары, Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Алымбай Султанов, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эксперттер катышууда.

Кыргызстандын укук коргоо органдары берген расмий маалыматтарга караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын 200дөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча 110 кылмыш иши козголгон. Чогултулган материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган.

Мурдараак Тышкы иштер министрлиги Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарынын дайын-дарегин аныктоо иши аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатканын кабарлаган. Сириядан ондогон киши өз алдынча Кыргызстанга кайтып келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү