Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Окуя 9-июнь күнү райондук ооруканалардын биринде болгон. Оорукананын мурдагы башкы дарыгери — Бишкек шаарынын тургуну 3 жаштагы небересин сүннөткө отургузуу үчүн алып барган.
Дарыгерлер баланы операцияга камдап, жалпы наркоз сайышкан. Бирок бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда каза болгон.