Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду

Автор -

Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Окуя 9-июнь күнү райондук ооруканалардын биринде болгон. Оорукананын мурдагы башкы дарыгери — Бишкек шаарынын тургуну 3 жаштагы небересин сүннөткө отургузуу үчүн алып барган.

Дарыгерлер баланы операцияга камдап, жалпы наркоз сайышкан. Бирок бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда каза болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү