Президент Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -

Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана  жалпы Тажикстандын элин Улуттук биримдик күнү менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү макулдашуусуна жетишишти.

Бөлүшүү