Экс-судья Мамытовдун «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы «аферасы»

Автор -

Экс-судья Эмилбек Мамытов менен анын уулу Эмилбеков Мырзабек «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына 6 295 842 сом зыян келтиргенин тешелүү органдар аныктап, кылмыш иши козголгонун бир нече жолу жаздык. Изилдеп кѳрсѳк, экс-судья Мамытов жана анын улуу Эмилбеков биз мурун жазып кеткен казакстандык компанияларга колдонгон алдамчылык схемаларын колдонуптyр десек болот.

Башкача айтканда, дагы эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүшкѳндѳн кийин, ар ай сайын алдоо максатында кепилдик каттарды жазып, ишкананын кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ тѳлѳнчү каражаттарды убагында тѳлѳбѳй жүрчү экен. Кепилдик каттарды экс-судья Мамытовдун уулу Эмилбеков Мырзабек жазып турган. «Кыргыз темир жолунун» талабы боюнча кимде-ким келишим түзүп иштесе, ал компания эсеп ачууга тийиш, ал эсепке тѳлѳнчү акчасы алдын-aла түшүп туруш керек. Бирок Мамытовдор мамлекеттик ишканага дагы казак компанияларына колдонгон ыкманы жасашып, кепилдик кат менен иш кылышкан.

Албетте, мындай мандемдүү схеманы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы кызмат абaлынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлердин жардамысыз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Натыйжада, экс-судьянын уулу Мырзабек формалдуу түрдѳ жазылган кепилдик кат менен миңдеген тонна жүктү темир жол аркылуу ташып турган. Бул үчүн акча тѳлѳгѳн эмес. Бирок коммерциялык жүктү ташыганы үчүн бизнес компаниялардан Мамытов кызмат акысын алып келген. Тапкан пайданы ѳздѳрүнѳн башка эч кимге ыраа кѳрүшкѳн эмес. Тактап айтканда, «Кыргыз темир жолу» ишкансына болгон карыздарын тѳлѳѳдѳн качышкан.

Ошол кезде экс-судья Мамытов Эмилбек уулу Эмилбеков Мырзабек казакстандык ишкерлер менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кѳзүн жазгыруу менен 250 миң долларга чейин пайда кѳрүшкѳнү ташылып ѳткѳн жүк айтып турат. Дал эле ушундай алдамчылык жыттанган ыкманы ата-бала Мамытов жана Эмилбеков казакстандык «Шынгар Транс», «Блюс Парк» жана «Исткомтранс» компанияларына колдонуп, жыйынтыгында аларга дагы 150 миң долларга жакын зыян тарттырышкан. Азыркы кезде ал компаниялар Мамытовдор менен соттошуп, соттон утушту.

Таң калычтуу жагдай, жүздѳгѳн вагон менен мицдеген тонна жүктү бекер ташыган фактыны мамлекеттик органдар кантип билбей калышы мүмкүн. Балким мындай кѳмүскѳ система дагы деле иштеп жаткандыр. Аны экс-судья Мамытовго окшогондор «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы мамлекеттик кызыкчылыкты ойлобогон айрым кызматкерлер аркылуу пайдаланып жатышкан жок деп кепилдик берүүгѳ  болбойт. Ѳкүнүчтүүсү, 2010-жылы Эмилбек Мамытовду Аламүдүн райондук сотунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошоткон жагдай жѳн жеринен болгон эмес окшойт.

Бул фактыга балким тиешелүү органдар кѳңүл буруп кѳрсѳ кѳп нерсе ачыкка чыкмак беле деген ой жаралат… Азыркы кезде Мамытовдор «Меридиан логисттик сервис» менен Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын сызга отургузуп, анан кайра башка компанияларды ачып, келишим түзүп иштеп жүрүшкѳн. Кызыгы, мамлекеттик ишканада Мамытовго окшогондорду изилдеп, чара кѳргѳн адам жок. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жумушчуларынын айлыкты кѳтѳрүү тууралуу нааразычылыктарына күбѳ боло калып жүрѳбүз.

Ошол эле кезде Мамытовдун аялы Шаршенова Чолпон «мен бизнесменмин» деп Түркияда, Маямиде эс алып чардап жүрѳт. Бул калыстык эмес го?.. Кызыгы, Башкы прокуратура «Кыргыз темир жолу» ишканасына келтирилген ири кѳлѳмдѳгү зыян боюнча 2018-жылы 30-ноябрында кылмыш ишин козгогондо, экс-судьянын баласы Эмилбеков Мырзабекке ШИИБи тарабынан 2017-жылдын 15-феврaлында алдамчылыкка шектүү катары кылмыш иши козголгон.

Ѳкүнүчтүүсү экс-судья Мамытов менен баласы Мырзабектин иши бүгүнкү күнгѳ чейин тергелип бүтпѳй жатат… Ушундан улам, Башкы прокуратура, УКМК, Коррупцияга каршы күрѳшүү кызматы кайсы жакты карап отурушат деген суроо туулат?

РS: буга чейин айтып келе жаткандай,экинчи тарапка дагы ѳз жүйѳлѳрүн айтканга орун беребиз…

Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү