Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрѳшүү комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына кѳрсѳтүлдү.
Самаевдин ысымы буга чейин Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган. Анда чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Үсенов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнѳѳлѳп, президенттен жардам сураган.
Депутат бул ишке тиешеси жок экенин, ѳзүнѳ карата каралоо күчѳгѳнүн айткан. Коомдо болсо Самаевдин кылмыштуу топторго байланышы бар деген сѳздѳр айтылып жүрѳт…
Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.