3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

3-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тооллорго кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 20…22, күндүз 24…26° жылыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ кызматы 3-4-июль күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн кабарлашкан.

Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө