Сууга чөгүп кеткен Молдакун Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды

Автор -

30-июнда Жайыл районунда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаанын жүргүнчүлөрүн издөө иштеринин жыйынтыгында 2 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында болгон. Кечээ, издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 98 куткаруучу, туугандарынан 20 адам тартылган. Саат 17:20да Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун сөөгү табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кеч киргендигине байланыштуу калган адамдарды издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулду.

ӨКМдин куткаруучулары Кожомкул айылындагы штабда тигилген чатырларда түнөп калышат. Издөө иштери эртең, 3-июль күнү да улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү