Жалил Атамбаев салыктан 40 миллион сом жашырган

Автор -

Ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталды. Бул тууралуу финансы полицияга таянып «Азаттык» жазып чыкты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан буйтаганы тууралуу фактыга байланыштуу териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын 3-июлда жарыялады. Сүрүштүрүү иштери «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин башталган.

Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшериле баштаган.

Расмий маалыматта айтылгандай, «Териштирүүдө «А.Д.» ишканасы 28 миллион сом, «О.О.» ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды».

Жалил Атамбаев жана анын жакындары бул маалыматка карата азырынча позициясын билдире элек.

Бөлүшүү