Айга алгачкы кадам таштоонун видеосу аукциондо сатылат

Автор -

Американын берүү органы CNNдин кабарына караганда Айга кадам ташталышынын 50 жылдыгы болгон 20-июлда бул тарыхый учурдун видеолору аукцион үйү Сотби тарабынан аукционго чыгарылат.

Американын улуттук авиация жана космостук агенттигинин (NASA) 1976-жылы жаңылыштык менен 217 долларга саткан Айга алгачкы кадам таштоонун видеосу орун алган 3 кассета аукцион жолу менен сатылат.

Американын берүү органы CNNдин кабарына караганда Айга кадам ташталышынын 50 жылдыгы болгон 20-июлда бул тарыхый учурдун видеолору аукцион үйү Сотби тарабынан аукционго чыгарылат.

Бүгүнкү күнгө дейре сакталган 2,5 сааттык видео орун алган 3 кассета үчүн ачылыш баасы 700 миң доллар деп белгиленди.

Кассеталарга 2 миллион долларга алуучу табыла турганы божомолдонууда.

Видеолордо астронавт Нил Армстронгдун Айга алгач аягын койгон учур жана АКШнын ал мезгилдеги президенти Ричард Никсондун сөз сүйлөөсү орун алган.

Аты аталган көрүнүштөр орун алган кассеталар, 1976-жылы ал мезгилдин НАСА практиканты болгон Гэри Жоржго бир аукциондо берки 65 кассета менен бирге 217 доллар 77 сентке сатылып кеткен болчу.

Бөлүшүү