Кулматов менен Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Автор -

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 5-июлда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу april.kg жазып чыкты.

Буга чейин сот Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасын карап чыгуу зарылдыгын билдирген. Прокурорлор камакта кармоо мөөнөтүн узартууну сурашса, жактоочулар үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Судья Кулматов менен Ибраимовду 6-сентябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү