Сабалып каза болгон Нигериянын жаранынын сөөгү Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат

Автор -
207

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалып, ооруканада өзүнө келбей каза болгон Нигериянын жараны Али Абубакардын сөөгү Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу ал жетектеп келген Cambridge School мектебине шилтеме берип sputnik.kg жазып чыкты.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришти мектептен.’]»Бүгүн жума намаздан кийин сөөк Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Атасы да зыйнатка келери айтылган, бирок виза маселелеринен улам ал да так эмес. Бирок бул жакта иниси бар, тажияга ошол бир тууганы катышат»[/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, 2-июлда 1985-жылы туулган Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жаранды сабоого шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну К.Э. аттуу жигит кармалган.