Сабалып каза болгон Нигериянын жаранынын сөөгү Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат

Автор -

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалып, ооруканада өзүнө келбей каза болгон Нигериянын жараны Али Абубакардын сөөгү Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу ал жетектеп келген Cambridge School мектебине шилтеме берип sputnik.kg жазып чыкты.

«Бүгүн жума намаздан кийин сөөк Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Атасы да зыйнатка келери айтылган, бирок виза маселелеринен улам ал да так эмес. Бирок бул жакта иниси бар, тажияга ошол бир тууганы катышат»
деп билдиришти мектептен.

Эскерте кетсек, 2-июлда 1985-жылы туулган Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жаранды сабоого шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну К.Э. аттуу жигит кармалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү