Дарыгер: Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус

Автор -
213

Бул тууралуу Рысалиев дарыланып жаткан Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунун жетекчисинин орун басары Махмуд Султанмуратов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Рысалиевдин абалы жакшырып калды, бирок дагы дарыланышы керек.

Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган.