Финпол «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу: 646 миллион доллар өлкөдөн чыгарылганы чын

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат (Финпол) “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат.

Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү