Бишкектеги жол кырсыгында 12 киши жабыркады

Автор -
209

Бишкекте машруттук такси менен жеңил машине кагылышып, 12 киши жабыркады. Бул маалыматты баш калаанын «Тез жардам» кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-июлда эртең менен Тоголок Молдо — Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркаган 12 кишинин баары ооруканага жеткирилди. Арасында оор жараат алгандар да бар экени айтылды. Алардын тогузу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, үчөө Улуттук госпиталга жаткырылды.

9-июлда Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгында эки киши каза таап, алты киши ооруканага жаткырылганын Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бүгүн кабарлады.

Бөлүшүү