Екатеринбург: кыргызстандык айдоочулар жумушка чыкты

Автор -

Орусиянын Екатеринбург шаарында иш таштоого барган кыргызстандык айдоочулар жумуш орундарына кайтып келди.

Екатеринбург шаарындагы №012, 019 каттамдарында иштеген 40ка чукул кыргызстандык айдоочу иш таштаган эле.

«Бир күндүк айлыгыбыздан 750 сом кыскартышты. Анан балдар «иштебейбиз, токтоосуз автобустарды алып барып беребиз» деп чыгышты. Бүгүн кечке чейин иштейли, кечинде мүдүрдү чакырып чогуу сүйлөшөлү деп, жумуштан кийин мүдүрдү чакырсак, «иштей тургандар калгыла, иштебей тургандар кете бергиле» деди. Анан айдоочулардын баары чыгып кетти, эртеӊ менен жумушка эч ким чыккан жок»,-деп айтып берди өз ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн кыргызстандык мигранттардын бири.

№012, 019 каттамдарды тейлеген «Восток» компаниясы эч кандай эскертүүсүз айдоочулардын айлыгын кыскартып салган. Алдынала эскертилбегени айдоочулардын нааразычылыгын жараткан экен.

Би-Би-Си билдирет.

Бөлүшүү