Өзгөчө кырдаалдар министрлиги август айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында;
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 22…24°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20º жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 25…30° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 23…28° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 11-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-31 мм).*
Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 18…20° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15º, күндүз 25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (6-12 мм)
Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында;
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 23…25°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 25…30° жылуулуктан 31…36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°, күндүз 25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (4-11 мм, тоо этектериндеги райондордо 8-32 мм).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында;
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп, 16…18° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (31-39 мм, чыгышында 53-80 мм).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында;
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 16…18º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болушу күтүлөт (13-28 мм)
Алай өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп 8…10º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 14…19° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (31-33 мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп, 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…5° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык климаттык норманын чегинде болушу күтүлөт (19-21 мм).