Кореянын Премьер-министри Кыргызстанга келет

Автор -

Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён 2019-жылдын 17-июлунан 19-июлуна чейин расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келет.

Корея Республикасынын Премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда 2  кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.