«Жашыл Чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, ишкер Тилек Токтогазиев тамак-аш продукцияларын чыгарган швейцариялык Nestle корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анын айтымында, компания Кыргызстандан чийки зат сатып алууга кызыктар.
Токтогазиев компания менен байланышуу кыйынга турганын, бирок биринчи сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн, алардан сунуш күтүп жатканын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргызстандык фермерлер кайра иштетилген сырьену экспорттоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз тарап эки ай ичинде анализ жүргүзүп, кайсы продукцияларды кандай өлчөмдө Nestle компаниясына жөнөтө аларын аныктоого тийиш.
Ишкердин айтымында, учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун фермер бар, алардын көбү ар кыл ассоциацияга мүчө болгону менен чачкын. Кыргызстан агрардык ассоциациялар жана өндүрүүчүлөр альянсынын жардамы менен Тилек Токтогоазиев фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн, логисттердин башын бириктирип, ири рынокторго бирге чыгууга ниеттенүүдө.