Өмүрбек Текебаевге операция жасалары маалым болду

Автор -
272

Өмүрбек Текебаевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу кечээ, 16-июлда SUPER.KG порталына Травматология жана терапия илимий-изилдөө борборунун директору, профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.

«Текебаевдин омурткасында мурдатан чоң кесел бар экен, өнөкөт оорусу бар. Буга чейин Улуттук госпиталда омурткасына операция болгон. Биз текшерип карап көрсөк, омурткасынын эки жеринде чоң грыжа бар экен. Грыжалар жүлүндү көздөй чыгып кетип, жүлүндү кысып, буттарына берип жатат. Муну операция жолу менен дарылашыбыз керек. Биз операцияга даярдап жатабыз, жакынкы арада болушу мүмкүн.

Андан тышкары жүрөгүндө да оорусу бар. Ошондон улам биздин операция кечигип жатат. Жүрөгү даяр болгондо, биз омурткасына операция жасап беребиз»

деди Жумабеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү