АКШ Венесуэладагы оппозицияны колдоо үчүн 42 миллион доллар жөнөтөт

Автор -

Кошмо Штаттар Венесуэладагы оппозицияны колдоо үчүн 40 миллиондон ашык доллар жөнөтөт. Негизи бул каражат Борбор Америкага гуманитардык жардам иретинде берилмек.

Эл аралык өнүгүү агенттигинин Конгресске жолдогон кызматтык каты The Los Angeles Times гезитине келип түшкөн.

40 миллион доллар оппозиция лидери Хуан Гуайдонун командасына жөнөтүлөт. Акча оппозициялык штабдын кызматкерлеринин айлык маянасына, иш сапарларына, демократиялык башкаруу жана шайлоо кампаниясын жүргүзүү технологиялары боюнча семинарларды уюштурууга жумшалат.

​Дональд Трамп жана анын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон Каракастын расмий өкмөтүн “Николас Мадуронун мурдагы режими” деп атайт. АКШ, Европанын көп өлкөлөрү жана Латын Америка Гуайдону Венесуэланын мыйзамдуу убактылуу президенти катары тааныган. Вашингтон венесуэлалык качкындарды коңшу өлкөлөлөргө жайгаштыруу боюнча ири каражат жумшады. Венесуэланын АКШдагы консулдуктарында Мадуро тарабынан дайындалган дипломаттар Гуайдону жактагандар менен алмаштырылууда.

42 миллион долларды Борбор Америкадагы үч өлкөнүн экөө – Гватемала менен Гондурас алмак. Бул өлкөлөрдө Кошмо Штаттарга кетүүнү каалагандар көп. Алардын качышына өлкөдөгү жакырчылык жана кыйноо себеп.

Вашингтон өткөн жылы Борбор Америкага гуманитардык жардам иретинде жалпысынан 370 миллион доллар бөлгөн. Дональд Трамп эгер жергиликтүү бийлик жапырт миграция агымын токтотпосо, жардам берилбей турганын эскерткен.

Бөлүшүү