Шамиль Атахановду сурак учурунда тез жардам менен алып кетишти

Автор -

Шамиль Атахановду сурак маалында тез жардам менен алып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсү Атахановду суракка алган бирок ал кокусунан өзүн жаман сезип, тергөөчү тез жардам чакырган.

Дарыгерлер аны бейтапканага жаткырышты.

Эскерте кетсек, 21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында КРнын экс-вице-премьер-министри Шамиль Атаханов кармалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү