Өспүрүмдөр  ”Мигрант үчүн маалымдама” мобилдик колдонмосун  пайдаланууда

Автор -

2019-жылдын май айында жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын 88 мектебинде «Мигрант үчүн маалымдама» мобилдик колдонмосун мыкты билүү боюнча 2-мелдеш өттү. 

Конкурс Бишкек, Ош шаарында, Кадамжай, Сузак, Баткен, Сокулук, Москва райондорунда өттү. Бул иш Эл аралык миграция уюмунун (МОМ),Норвегия Королдугунун тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Аймактык жана глобалдык шарттардын тегерегинде, адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү жана Борбор Азиядагы аялуу мигранттарды коргоо» коргоо  долбоорунун алкагында, Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Адам сатуу көйгөйү боюнча кесиптик окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампаниялар» долбоорунун жүрүшүндө мектептерде уюштуруучулар жана социалдык педагогдор тарабынан жүзөгө ашырылат.

Конкурстун  кызыктуу бөлүгү адам сатуу менен эмгек  миграциясы темасына тартылган окуучулардын сүрөттөрү , миграция темасын билүү боюнча баяндамалар,  ырлар болду.

Окуучулар белгилегендей, адам сатуу жана мыйзамсыз миграциянын негизги тобокелдиктери болуп, мыйзам сабатсыздыгы жана калктын кабардар болуусунун төмөн деңгээли болуп саналат. “

[ads-quote-center cite=’деп жазат өз баяндамасында  Кара-Суу районунун мектеп окуучусу М. ‘]Адам сатуу менин оюмча бул адамдык намысты тебелегендик. Азыркы убакта көп эле адамдар жоголуп кетет, биз алардын кайда жана эмне болуп жоголуп жаткан себебин билбейбиз”[/ads-quote-center]

Аталган конкурс окуучулардын миграциялык процесстер тууралуу билимин жогорулатууга жана адам сатуу көйгөйүн түшүнүүгө жардам берди. Конкурстун ар бир катышуучусу «Мигрант үчүн маалымдама» мобилдик колдонмосун колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жакындарына жана досторуна айтып жатканын белгиледи.

Конкурстун жеңүүчүлөрү 8-11-класстарынын окуучулары эң керектүү сыйлыктар менен сыйланышты — психология, коучинг, өз ара байланыш жана кесиптик тандоо боюнча заманбап китептер ар бир лауреатка берилди. Бул конкурс өлкөдөгү 80ден ашык мектеп окуучуларына чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жардам берип, аларды «Мигрант үчүн маалымдаманы» иш жүзүндө колдонууга кызыкдар кылды. Бул иш-чара азыркы өспүрүмдүн кесип тандоону маанилүү жана актуалдуулугун сезиш үчүн, жана   мугалимдердин кесиптик-багыт берүү системалуу уюштурууга жардам берди.