Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданы канча сомго оңдолот? (Видео)

Автор -

Бишкектеги таштандыга батып, четинен урап, такыр каралбай калган “Ак -Кула” ат майданы оңдоодон өтөт.

Бишкек мэриясы ипподромду жаңылоо үчүн эскиздик долбоорго 500 миң сомдук байге менен архитектуралык сынак жарыялады. Талапка ылайык, ипподромдун имараты бузбастан ирээтке келтирүү шарт. Көрүүчүлөр үчүн орундар көбөйтүлүп, унаа токтотуучу жайы кеңейтилээри айтылат.

Ат оюндарын сүйүүчүлөрдү дагы кандай өзгөрүү күтөт? Бишкек архитектура башкармалыгынын кызматкери Марат Жороев айтып берет.

Бөлүшүү