23-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, тоолуу райондордун тоо этектеринде кыска мөөнөтүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 16….21… күндүз: 33… 38°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 12….17….күндүз: 31…..36°C;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн: 19…24….күндүз: 31……36°C;
Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 19…24….күндүз: 34……39°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 13…..18….күндүз: 26……31°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 9….14…..күндүз: 27….32°C;
Эртеӊ, Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз 36……38°C, түнкүсүн 18 … 20°C.