26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Ага ылайык, 27-29-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт.
23-24-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
24-июлда күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-27-июлдарда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
28-29-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.