“ Эл аралык адам сатуунун курмандыктары жылына 600миңден 800миңге чейин болсо, ал эми өлкөлөр арасында адам сатууну баалоо боюнча 2 миллиондон 4 млн. чейинки адамдын санын түзөт. Эл аралык документтер боюнча адам сатуу кесепетинин курмандыгы болгондордун ичинен 80% аялдар жана жаш балдар болсо, алардын ичинен 70% жыныстык пайдалануу максатында башка өлкөгө сатылган”(Victims of Trafficking and Violence Protection Act of 2010: Trafficking in Persons Report. US State Department, 2015).
«Менин улуу агам Казакстанга иштеп келгени кеткен, эки жылдан ашуун үй-бүлөбүз ал тууралуу эч нерсе билбейт», — деп, анын өз окуучусунун санаалары тууралуу, бизге Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринин мугалими билдирди.
Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары, адам сатуу жана мыйзамсыз миграция темасы тууралуу массалык маалымдоо каражаттарынан гана эмес, туугандарынын жана досторунун жашоосуна байкоо, ошондой эле жеке тажрыйбасынын негизинде таанышышат. Өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндөгү региондор бул суроодо аярлуу десек болот, себеби бул жакта калктын киреше табуудагы негизги каражаты болуп, чет өлкөлөргө миграция болуп саналат.
Максаттуу аудиторияны маалымдуулугун жогорулатуу үчүн – (8-11 класстардын окуучулары), Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында 88 мектептин мугалимдери адам сатуу жана мыйзамсыз миграция боюнча, “Натыйжалуу кесиптик багыт берүү боюнча иш-чаралар”аттуу тренерлер үчүн тренингдин жүрүшүндө окутулду. Бул тренинг Эл аралык миграция уюмунун (МОМ),Норвегия Королдугунун тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Аймактык жана глобалдык шарттардын тегерегинде, адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү жана Борбор Азиядагы аялуу мигранттарды коргоо» коргоо долбоорунун алкагында, Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Адам сатуу көйгөйү боюнча кесиптик окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампаниялар» долбоорунун жүрүшүндө уюштурулду.
«Эреже катары, көпчүлүк учурда ата-энелер, өспүрүмгө өзү кесип тандоого мүмкүнчүлүк беришпейт, балдар ата-энелердин кысымы астында, кесип тандап алышып, колледж же жогорку окуу жайын аяктагандан кийин жаштар, адистиги боюнча иштешпей башка өлкөлөргө жаңы сезим, жакшы акча издеп кетишет. Мектептен баштап өткөрүлгөн кесиптик багыт, окуучуларга кесип тандоодо ката кетирбөө үчүн, алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмүн баалоого жардам берет «, -деп баяндады Кадамжай шаачасынын тургуну, тренерлер үчүн тренингдин катышуучуларынын бири.
Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Адам сатуу көйгөйү боюнча кесиптик окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампаниялар» долбоорунун кесиптик багыт боюнча мектептерде билим берүү ишинин сапатын жакшыртууга багытталган. Тренерлер үчүн тренингде окутулган тренерлердин сабактарынын максаты — мектеп окуучуларын алданып, «кулчулукка» түшүп калуу коркунучунан сактоо болуп саналат.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга өспүрүмдөргө төмөндөгүдөй маалыматтарды жеткирүү зарыл экени айтылган эле: Интернетте, шаарда жарнамаларды окуп жатканда сак болуу, чет өлкөгө окууга, иштөөгө чакырган жарыялардан кандай маалыматты текшерүү керек, кандай байланыш номерлерин билүү керек, этият болуу керек. алдоо, мажбурлоо, күч колдонуу, уурдоо, кыздардын сүрөтүн тандоо ж.б. — кылмышкерлер акча табуу үчүн эч тоскоолдуктан баш тартышпайт. Мигранттын коопсуздугу үчүн түзүлгөн негизги маалымат ресурстары – “Мигрант үчүн маалымдама” мобилдик колдонмосу, ишеним телефондору жана «www.traffikunet.kg» сайты болуп саналат. Бул маалыматтын баардыгы жашоо мисалдарынын жардамы менен, жеткиликтүү тилде түшүндүрүлүшү керек.
Тренерлер үчүн тренингдин катышуучулары: «Адам сатуу — адам укуктарын одоно бузуу: бул ата-энелер менен балдарды бөлүп, үй-бүлөлөрдү бузуп, жаштардын билим алууга мүмкүнчүлүгүн жок кылат», — деген жыйынтыкка келишти.