Баткенде 1,5 тонна кара куурай жок кылынды

Автор -

Баткен шаарында «Мак 2019» операциясынын жүрүшүндө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Баткен ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жалпы 10 гектар жерди текшерип чыгышкан.

Натыйжада 2 гектар жер аянтынан 1,5 тонна кара куурай оорулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү