Финпол Матраимовдордон 24 миллион сом өндүрүп алды (Видео)

Автор -

Матраимовдор 24 млн сомдук салыкты казнага төлөшкөн эмес. Каржы полициясы бажы кызматынын мурдагы орун басарына байланыштуу компаниялар чоң өлчөмдөгү салыкты жашырганын аныктады. Экс-бажычынын жубайы Уулкан Турганова эмгектенген жеке фирма мамлекетке 6млн сомдон ашык каражат төккөн эмес.

Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат Матраимовдорго тиешелүү ачыкталбаган бир катар мүлктөрдү таап чыгышкан. Учурда экс-бажычыга жана үй бүлөсүнө тиешелүү болгон чет өлкөдөгү байлыктарын аныктоо аракети көрүлүүдө.

Бөлүшүү