Ирактан кайтарылган балдар туугандарына берилген жок

Автор -
290

Ирактан Тажикстанга алынып келинген 84 бала Харангон санаторийинен башка билим берүү мекемелерине жайгаштырылды. Алардын бири дагы туугандарына берилген жок.

Тажикстан Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Шодихон Жамшед беш жашка чейинки 44 бала Душанбедеги N2 балдар үйүндө экенин, мектеп курагындагы 33 өспүрүм Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы жатак-мектептерге бөлүштүрүлгөнүн кабарлады.

Анын айтымында, жашы жете эле эки кыз ымыркайлары менен бирге кесиптик билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү.

“Ирактан кайткан “Согуш балдары” үч ай Харангтон санаторийинде болушту. Психологдор, психотерапевттер, социалдык кызматкерлер, диетологдор, дарыгерлер жана катардагы мектеп мугалимдери алар менен иштешти. 22-июлдан тарта санаторийде согуштун жана эмгектин 80 ардагери эс алууда”
деди чиновник.

​Буга чейин тажик бийлиги Ирактан кайтарылган балдар туугандарына берилерин маалымдаган. 35 үй-бүлө балдарды алууга арыз жазганы тастыкталган. Бирок бийлик мурдагы жоочулардын үй-бүлөлөрүн тыкыр текшерүүнү чечкен.

30-апрелде Ирактан Душанбеге 84 бала кайтарылган. Балдардын айрымдары бир нече жыл мурда ата-энелери менен бирге Ирактагы согуш болгон аймактарга кеткен болсо, кээлери ошол жакта туулган. Алардын “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган аталары өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон. Энелери Багдаддын түрмөлөрүндө отурушат. Расмий маалыматтарда 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга тажикстандык 1900дөй жаран чыгып кеткени, алардын үч жүзү кайтыш болгону белгиленет.

Бөлүшүү