31-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 34…36° болот.