АКШ: 11-сентябрдагы терактка айыпталган адам тергөө менен кызматташууга даяр

Автор -

АКШда 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракттын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Халид Шейх Мохаммед чабуулдарга Сауд Арабиянын тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматты ырастап берүүгө даяр. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Халид Шейх Мохаммед бул үчүн АКШ бийлигинен өзүн өлүм жазасына тартпоону өтүнөт.

Басылманын билдиришинче, учурда Гуантанамо түрмөсүндө жаткан шектүү терактта курман болгондордун туугандарынын жамааттык доо арызын карап жаткан Манхэттендеги Федералдык сотко кайрылды. Доочулар анда Сауд Арабияны 11-сентябрдагы терактты уюштурган «Аль-Каида» террордук тобун каржылоого айыптап жатышат. Соттун алкагында доочулардын адвокаты бул иш боюнча кармалган беш адамдын үчөөсүнөн көрсөтмө алууну талап кылган.

WSJ белгилегендей, бул окуя боюнча Сауд Арабия өкмөтүнүн адвокаты Майкл Келлог комментарий берүүдөн баш тарткан.

2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер басып алган жүргүнчү учактар Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасына урулган. Учактар Пентагондун имаратына жана Пенсильвания штатынын аймагына кулаган. Анын жыйынтыгында 80 өлкөнүн 3 миңдей жараны каза болгон. Өзүн «Аль-Каида» террордук уюмунун аскердик кеңешинин башчысы деп атаган Халид Шейх Мохаммед 2003-жылы кармалган.

Бөлүшүү