Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын 70 пайызы — аялдарбы? (Видео)

Автор -
326

Кыргызстанда 60 миңдей жаран адам сатуунун курмандыгы болуу коркунучунда турат. Эл аралык эмгек уюму жүргүзгөн изилдөөсү боюнча, адам сатуу коркунучунда кабылуу алдында тургандардын 70% эркектер, 30% аялдар түзөөрү аныкталган.

Бирок Кыргызстан курмандыктардын гана мекени болбостон, айрым учурларда аларды алып өтүүчү транзит жана ошол эле учурда кулчулук бар өлкө болуп санала дешет серепчилер. Кыргыз өкмөтү бул кылмышка каршы иш-чараларды иштеп чыгышы зарыл деген жүйөнү келтиришет.