2-августта кандай аба ырайы күтүлөт

Автор -

2-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында  түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Нарын облусунда а түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 36…38°.