Кыргызстандыктар август айында 3 күн эс алышат

Автор -
331

Кыргызстанда 11-август Курман айт күнү деп жарыяланганына байланыштуу 12-август, дүйшөмбү эс алуу күнү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-август эс алуу күнүнө туура келет. Эмгек Кодексине ылайык мындай учурда эс алуу күнү кийинки күнгө жылдырылат. Ошондуктан 12-август да дем алыш күн болот.

Муфтият бүгүн 10-августту арапа, ал эми 11-август Курман айт күн деп расмий билдирген.

Бөлүшүү