Кыргызстанда 2020-жылды Орусия жылы деп жарыялоо пландалып жатат

Автор -
241

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанга келээри күтүлүп жатканын айтып, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Абылгазиев кыргыз тарап 2020-жылы Орусияда Кыргызстан жылы, Кыргызстанда Орусия жылы деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчыларынын макулдашууларынын алкагында атайын уюштуруу комитети түзүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү