Төө-Ашуудагы тоннель 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат — графиги

Автор -
357

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, тоннель 8-августтан 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат.

«Сегизинчи августтан бешинчи сентябрга чейин Бишкек-Ош жолундагы К. Кѳлбаев атындагы тоннелде (Тѳѳ-Ашуу) желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрө тургандыгына байланыштуу унаа каражаттарынын тоннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, желдетүү системасын оңдоо жыл сайын пландуу түрдѳ жылдын ушул мезгилинде ѳткѳрүлѳт.

Тоннелдеги иштердин графиги:

— 08:00-09:30 – оңдоо иштери (тоннель жабык);

— 09:30-14:00 – Тоннель ачык;

— 14:00-15:30 – оңдоо иштери (тоннель жабык);

— 15:30-08:00 – Тоннель ачык;

Ошондой эле тоннелдин ичиндеги жолдун оңдолушуна жана тоннелдин ички дубалдарынын жуула тургандыгына байланыштуу 8-августтан 5-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалар үчүн тоннель күн жарык маалда 1 саатка жабык болот.