Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт

Автор -

15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын  температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 26…28° болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү