Казакстанда кырсыктан 52 жүргүнчүсү өлгөн автобустун ээси үч жылга соттолду

Автор -

Казакстанда Түркстан облусунун Сарыагаш райондук соту 2018-жылы январда өрттөнүп, ичиндеги 52 адам каза болгон автобустун ээси Ордухан Мехтиевди үч жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, сот жабырлануучу тараптын талабын жарым жартылай канааттандырып, 46 жаштагы казак жаранын «техникалык жактан бузук транспорт каражатын каттамга чыгарууга» күнөөлүү деп тапты.

Сотто Мехтиев тагылган айыптар менен макул эмес экенин билдирди.

Өкүмгө ылайык, ал жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөшү керек. Азырынча өкүм күчүнө кире элек. Бул иш боюнча алгачкы угуулар быйыл апрелдин аягында башталган.

Соттон билдиришкендей, Мехтиевдин ишинин өзүнчө өндүрүшкө алынгандыгына сотко чейинки териштирүү маалында табылган фактылар себеп болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө транспорт каражатынын ижарасы тууралуу Мехтиев менен «Азия транзит сервис» компаниясынын директорунун ортосунда түзүлгөн келишим изилденген. Болжолдуу экспертиза макулдашууга коюлган кол тамга үчүнчү адамга таандык экендигин көрсөткөн.

Мехтиев былтыр 20-ноябрда Ташкентте кармалып, декабрдын аягында Казакстанга өткөрүлүп берилген.

Өзбекстандын жарандары бараткан автобус 2018-жылы 18-январда Шымкент – Самара унаа жолунун Актөбө районундагы бөлүгүндө өрттөнүп кеткен. Анын ичиндеги 57 адамдын 52си ошол жерде каза болушкан.

Өткөн жылы ноябрда Актөбө соту автобус айдоочуларынын ар бирин беш жылдан соттоп, жети жыл транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыраткан. Мындан тышкары «Азия транзит сервис» транспорттук компаниясынын түзүүчүсү менен механиги үч жарым жылдан жатак абагына кесилген. Соттогу жарыш сөз маалында алар тагылган айыптар менен макул эмес экендиктерин билдиришкен.

Бөлүшүү