Өлкө аймагында 14-августта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

14-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда  түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткен, Ошто, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус болот.

Бишкек шаарында  жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан эле.

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү