16-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.