Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды

Автор -

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги анын жактоочусу Икрамидин Айткуловго шилтеме берип жазып чыкты.

Айтымында, өзү жана Курсан Асанов ачыкка чыгарбоого сөз бергендиктен, толугу менен окуяны айтып бере албайт.

«Мен Аскер прокуратурасындагы суракка катыштым. Ошондой эле Курсан Асановдун үйүн тинтип жатышканда жанында болдум. ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу менен тааныштым. Курсан Асановду корутунду менен тааныштырышкан эмес. Кызматтык иликтөөнү жүргүзүп, корутундуну шашып чыгарышты»
деди жактоочу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү